91 Категория: Религия - Published: 14/04 - 11:39

БИШКЕК, 14-апрель. — Eurasia Today. Быйыл Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет.

Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

“Кадыр” деген сөз кандай чечмеленет?

Ислам окумуштуулары тарабынан үч түрдүү чечмеленген:

- “Өкүм түнү” дегенди билдирет. Буга ылайык Кадыр түн дегенибиз “Аллах Тааланын тагдырында өкүмү чыгарылган иштердин анык ажыратылган түнү” деген маанини түшүндүрөт.

- “Кадыр-баалуулук, улуулук” - деген мааниде да чечмеленип, “өтө кадырлуу, улуу түн” дегенди билдирет.

- “Тардык, кысылуу” - деген маанини да билдирет. Кадыр түнү “кысылуунун, тардыктын түнү” деп чечмеленишине бул түндө жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылаары жөнүндөгү баяндоолор негиз болот.

Кадыр түн Курани Карим түшүрүлгөн түн. Мусулмандар бул түндү Аллах Таалага ибадат кылуу менен “Кадыр түндүн” жакшылыктарга, достук, бир туугандык жана биримдик ымаласынын күчөп, мусулман дүйнөсүн ынтымагына себеп болуусун жана бүткүл адамзаттын түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дуба-тилек кылуу менен өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Быйыл орозо 2-апрелде башталган жана ыйык ай 30 күнгө созулат.

Теги: