215 Категория: Религия - Published: 29/12 - 14:00

БИШКЕК, 29-декабрь. — Eurasia Today. Студенттердин коомчулукка кайрылуусуна байланыштуу тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты РИИБдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан катталып, алдын ала иликтөө иштери башталган.

“Иштин бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле комплекстүү иликтөө жүргүзүү үчүн Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат”, – деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан Эл Аралык Универсалдуу колледжинин студенттери окуу жайдын эмгек жааматы аларды башка динге үгүттөп жатышканын айтып чыгышкан. Студенттер бул тууралуу атайын видео тартып, коомчулукка кайрылуу жасап, аталган окуу жайдын ректору жана мугалимдери студенттердин эркине каршы ар кандай диний китептерди окутуп жатышканын, эгер каршылык көргөзүшсө, арыз жазып, окуудан кете берүүсүн талап кылышканын билдиришкен эле.

Теги: