500 Категория: Религия - Published: 06/12 - 15:19

БИШКЕК, 6-декабрь. — Eurasia Today. Коронавирустун жаңы омикрон штаммынын чыкканына байланыштуу Сауд Арабиясы кичи ажылыктын шарттарын өзгөрттү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Сауд бийлигинин билдирүүсүнө ылайык, зыяратчылар умра кылуу үчүн падышачылыкта бекитилген COVID-19га каршы эки компоненттүү вакцина менен эмдөөдөн өтүшү керек. Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюму тарабынан бекитилген, бирок падышалыктын дары-дармектеринин тизмесине кирбеген вакциналар менен эмдөөдөн өткөн зыяратчылар изоляциядан 48 саат өткөндөн кийин үч күндүк карантинден жана ПЦР-тестинен (жыйынтыгы терс болушу шарт) өтүшү керек.

Маалыматтарда өлкө бийлигинин чечимине ылайык, зыяратчылардын падышачылыкта болуу мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылганы айтылган. Буга чейин кичи ажылык сапарында чет элдиктерге өлкөдө 10 күн жүрүүгө уруксат берилген. Ошондой эле умра зыяратына 18 жашка толгондор гана бара алары белгиленген.

“Чет өлкөдөн келген зыяратчылар үчүн жаңы шарттардын киргизилиши өлкөдө коронавирустун жаңы штаммынын биринчи жолу аныкталгандыгына байланыштуу. Бирок Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министри өлкө дүйнөдөгү кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууну уланта турганын айтып, бардык зыяратчыларды коопсуздук чараларын жана чектөө эрежелерин сактоого чакырды”, – деп жазылат маалыматта.

Теги: