• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
369 Категория: Религия - Published: 14/10 - 15:15

БИШКЕК, 14-октябрь. — Eurasia Today. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы UFC мушкери Рафаэль Физиевдин муфтиятка карата айткандары тууралуу жооп берди.

Диний башкармалыктын маалымат катчысы Максат Атабаев мекеменин позияциясын бир катар жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Ал мушкердин айткан нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жок экенин баса белгилеп, "Физиевдин айткандарына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эч кандай тиешеси жок. Муфтият кимдир бирөөнү коркутуп-үркүтүү менен алектенбейт. Өзүнүн уставдык миссиясы бар, ошонун негизинде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, агартуучулук аракеттерин көрүп келет”, - деди.

Ошондой эле, Атабаев Физиевдин айткандары чындыкка дал келбей турганын, муфтият өзүнүн миссиясы менен алектенерин, мисалы, учурда эң актуалдуу болуп жаткан үй-бүлө, ысырапкерчилик жана ислам дининин баалуулуктарын жайылтууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев Инстаграмдагы расмий баракчасы аркылуу мындан ары Кыргызстандын желеги менен чыгууну токтоторун жар салган. Мушкер анын мындай кадамга барышына Кыргызстан муфтиятынын кийлигишүүсү себеп болгонун айткан.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети