34 Категория: Религия - Published: 16/02 - 15:40

Францияда антиисламизмге каршы нааразычылык акциялары уланууда.

 Pars today агенттигинин маалыматына ылайык, Францияда антиисламизм уланып, француз мусулмандары катуу кысымга кабылууда. Франциянын борборунда өкмөттүн франциялык мусулмандарга чектөөлөрдү күчөтүү планына каршы  митингдер башталган.
Белгилей кетсек, Франция өкмөтү өлкөдөгү айрым диний эркиндиктерди чектеп, көптөгөн мусулмандарды потенциалдуу шектүүлөргө айлантуучу мыйзам долбоорун кабыл алууну пландаштырууда.
Францияда акыркы айларда антиисламизм күч алып, өлкөдөгү көптөгөн мусулмандар куугунтукталып, алардын ыйыктыктары кордолгон. Ошол эле учурда, Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул кыймылдарга өзүнүн оң позициясын билдирип, ага эркиндикти шылтоолоп келет. Ушуга ылайык, Франция өкмөтү "Республиканын баалуулуктарын сыйлоону күчөтүү мыйзамы" деп аталган талаштуу мыйзам долбоорун сунуш кылган. Мыйзам долбоорун коргоодо Франциянын президенти муну гендердик теңчилик жана светтик көзкарандысыздык сыяктуу француз баалуулуктарына жардам берүү жана экстремисттик идеяларды жок кылуу жолу деп атады.
Бирок, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен француз мусулмандарына болгон чектөөлөр күчөтүлөт.
 Исламофобияга каршы Улуттук Мониторинг тобунун башчысы Абдулла Зикри 2020-жылы Францияда 235 исламофобия учуру катталганын, 2019-жылга салыштырмалуу 154 учур көп болгонун, ошол эле жылы мечиттерге кол салуулар 35% көбөйгөнүн белгиледи. Бул мезгилде Ислам жана мусулмандар жөнүндө калптын жайылышы жөнүндө эскертүүлөр, ошондой эле мусулмандарга карата жек көрүү сезимин козгогон электрондук почталар көбөйдү ", - деди ал.
Эске салсак, бардык каршылыктарга карабастан, өткөн жумада француз депутаттары республиканын баалуулуктарын тегиз урматтоону күчөтүү максатында мыйзам долбооруна добуш беришти жана Франциянын эки парламенти тең мыйзам долбоорун жактырат деп күтүлүүдө.

Теги: