• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
44 Категория: Религия - Published: 10/02 - 10:22

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын 10-февралда жарыялады.

УКМК каржылык мыйзам бузууларына байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыя берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшагандыгы аныкталганын билдирди:

"Бул каржылык операциялар ачыкка чыккандан кийин Дин башкармалыгынын жетекчилиги табылган фактыларды жашырып, тергөө иштерин токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштаган. 9-февралда бул факты сотко чейинки өндүрүшкө Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) бюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, ошол эле күнү муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалган".

Азырынча эсепчинин аты-жөнү тууралуу ачык маалымат бериле элек.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Айыпталган тарап азырынча комментарий бере элек. (BCh)

https://www.azattyk.org/a/31095076.html

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети