52 Категория: Религия - Published: 02/02 - 15:16

Марокколук 30 жаштагы сүрөтчү-миниатюрист Фуад Кебдани күрүчтүн данына Каабанын сүрөтүн түшүрдү.

Бул тууралуу “Yjc” МА кабарлады. Күрүчтүн данына түшүрүлгөн Каабанын сүрөтүн Фейсбук жана Твиттер социалдык тармактарынын колдонуучулары жарыялашты. Сүрөтчүнүн эмгеги социалдык тармактарда кеңири тарап, колдонуучулардын алкышына татыды.

Кебдани “Al Shorouk” басылмасына берген маегинде, өз эмгектерин жаратууда ал эч качан микроскоп колдонбой тургандыгын, анын ордуна жогорку сапаттагы лупа жана зум-линзалары бар көз айнек колдонорун билдирди. Ал бул чөйрөдө иштөөдөн тышкары, авиация тармагында билим алып, учурда сууда сүзүү боюнча инструктор болуп иштейт.

Ошондой эле ал жасмыктын да бетине сүрөт  түшүрүп, карандаштын учунан укмуштуудай айкелдерди жасайт.

Теги: