294 Категория: Религия - Published: 22/01 - 18:58

Бүгүн, 22-январда Бишкектеги "Манас жана Чыңгыз Айтматов" атындагы академияда белгилүү ирандык адабиятчы, тарыхчы, ислам таануучу, иранист, изилдөөчү жана азыркы замандын белгилүү жазуучусу Абд ал-Хусайн Зарринкубдун орус тилине которулган "Суфизм в Иране" деген аталыштагы китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш чара Ирандын Кыргызстандагы Элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Ага Академиянын президенти, белгилүү саясый ишмер Топчубек Тургуналиев баш болгон окумуштуулар жамааты, адабиятчы, тарыхчы, философ, илимий жана маданий кызматкерлер, Иран элчилигинин өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттары катышышты.

Алгач автордун өмүр баяны, чыгармачылык ишмердүүлүгү тууралуу чакан документалдуу видео тасма көрсөтүлдү. Андан кийин сөз сүйлөгөн Маданий өкүлчүлүктүн жетекчиси Парвиз Гасеми өткөн жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу көптөгөн алдын ала пландаштырылган маданий иш чаралар болбой калгандыгына токтолуп, бүгүнкү китептин бет ачар аземине катышып жаткан конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Китеп Насим Мирзоев тарабынан которулган. Анын бул китептин мааниси жана которуудагы түмөн түйшүк менен даярдыкты талап кылган жагдайына токтолгон видео кайрылуусу интернет аркылуу көрсөтүлдү. Кийинки сөз жазуучу, котормочу, публицист, ислам агымдары жана террорчулук боюнча эксперт Бегижан Ахмедовго берилди. Докладчы өз сөзүндө ирандык белгилүү жазуучу жана дин таануучу Абд аль-Хусайн Зарринкубдун бул эмгеги жалпы эле мусулман элдеринин ислам динин кабыл алганга чейинки тутунган дини болгондугун белгилеп, суфизмдин адам баласынын турмушу жана инсан катары калыптануусундагы ролуна токтолду.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору, философия илимдеринин доктору Эмил Каниметов баяндамасында суфизм жаралгандан бери адамзат бир нече кылымды баштан өткөрсө да анын  тарбиялык мааниси жоголбой, кайра бийиктеп бараткандыгын, бүгүнкү диний аалымдардын көпчүлүгү алгачкы билимди дал ушул багыттан алышкандыгын белгиледи.

Белгилүү жазуучу жана публицист Мамат Болот суфизмдин кыргыздардын турмушундагы ордуна токтолуу менен бирге келечекте бул китепти кыргыз тилине да которуп, кыргыз окурмандарына тартуулоо керектигин сунуш кылса, тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев Иран суфийлердин мекени болгондугун айтып, ошол эле учурда азыркы Борбор Азия аймагынан көпчүлүк суфийлер (сопулар) чыккандыгы тууралуу тарыхый далилдерди келтирди. Мисалы, Ходжа Ахмед Ясави өзүнүн ыр саптарында Кыргызстандын Өзгөн районундагы өзөндөр менен тоо кыркаларын сүрөттөгөндүгүн окуп берди.

Иш чараны жыйынтыктаган Топчубек Тургуналиев суфизм же сопучулук эң оболу адам баласын гумандуулук менен адилеттикке тарбиялай тургандыгын баса белгилегендиктен, бул китептин мааниси өтө терең жана бийик экендигин белгилеп, келечекте да мындай иш чараларды өткөрүү керектигин айтты.

        

Теги: