• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
891 Категория: Религия - Published: 21/01 - 15:08

Ыйык Курандын эң кичинекей нускасы Тажикстандын Улуттук музейинде, чыгыш кол жазмалары жана сейрек кездешүүчү китептер бөлүмүндө сакталып турат.

Бул китептин узундугу 1,8 сантиметр, туурасы 1,2 сантиметр жана салмагы 1,6 грамм. Китеп 146 барактан же 292 беттен турат. Ыйык Курандын бул уникалдуу нускасы XIX кылымдын аягында Казань шаарында басылып чыккан. “Китепте Курандын бардык аяттары жана сүрөлөрү бар. Аны атайын лупасыз окууга болбойт. Биз андай лупаны колдонуп, китепте бардык аяттар сакталганына ынандык”, - деп билдирди Тажикстандын Улуттук китепканасынын чыгыш кол жазмалары жана сейрек кездешүүчү китептер бөлүмүнүн башкы адиси Саидакбар Абдулазиззода.

Анын айтымында, Ыйык Куран китебинин бул нускасы 1892-жылы Казанда басылып чыккан. Курандын эң кичинекей нускасын мамлекет 1982-жылы Нурек шаарынын тургунунан алган жана учурда китепканага келгендердин арасында эң популярдуу болуп саналат. “Китепканага келгендердин көпчүлүгү, биринчи кезекте, Курандын дал ушул нускасын, ошондой эле XIV кылымда басылып чыккан “Таърихи Табари” китебин көрүүнү каалашат. Ошондой эле бир нече сейрек кездешүүчү жана уникалдуу китептер бар”, - дейт Саидакбар Абдулазиззода.

Булак: Avesta МА

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
82.83
-0.21
EUR
84.83
+0.38
KZT
0.17
-0.57
RUB
1.35
-0.01
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети