164 Категория: Религия - Published: 21/07 - 11:05

Сауд Арабиясынын Жогорку Соту 20-июлда кечинде Зул-Хижжа айынын жаңыруусу көрүнбөгөнүн билдириип, Курман айт күнү качан белгиленээрин жарыялады.

IQNA агенттиги Russia Today маалыматына шилтеме берип маалымдагандай, Сауд Арабиясынын Жогорку Соту бул өлкөнүн элдерин 1441-хижрий жылынын Зул-Хижжа айын белгилөөгө чакырды.
 

Белгилей кетсек, 20-июлда кечинде Зул-Хижжа айынын жаңыруусу көрүнбөгөндүктөн, шейшемби - 21-июль Зул-Каада айынын акыркы күнү саналып, кийинки жума күнү 31-июлда Курман айт болмокчу.

Ал эми Меккедеги коопсуздук күчтөрү ыйык жайларга (Мина, Арафат жана Муздалифага) кирүүгө 19-июлдан баштап, Зул Хижжа айынын он экинчи күнүнө чейин тыюу салган.

Мындай аракет Саудиянын Ички иштер министрлигинин ыйык жайларга кирүүсүнө тыюу салуунун негизинде коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында аткарылууда.

Теги: