46 Категория: Религия - Published: 20/07 - 15:47

Түркиянын Жогорку Административдик Соту  10-июлда Айя Софияны музейге айландыруу боюнча 1934-жылкы чечимди жокко чыгарган.

Islam Today агенттигинин маалыматына ылайык,  Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы Айя-София мечитин көрүүгө барды.
Белгилей кетсек, Түркиянын мамлекет башчысы  Айя София музейи мечитке айлангандан кийин алгачкы даярдык иштери менен таанышып, өз сүрөттөрүн Twitter социалдык тармагында бөлүштү. Эрдоган сүрөттөрдү бир гана сөз менен коштоду: "Айя София ...".

Ошол эле учурда, сүрөттөргө караганда, Айя-Софиянын ички көрүнүшү эч кандай өзгөрүүгө учураган эместигине күбө болобуз.

Эске салсак, 10-июлда Түркиянын Жогорку административдик соту Айя Софияны музейге айландыруу жөнүндөгү 1934 чечимин жокко чыгарган.

Кийинчерээк Эрдоган чиркөөнү мечитке айландырып, ал жерде мусулмандар үчүн сыйынуу жөрөлгөсүн баштоо жөнүндө буйрукка кол койду.

Берилген маалыматтарга караштуу, мечит иши 24-июлда башталат.

Теги: