• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
94 Категория: Религия - Published: 26/12 - 11:56

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи дүйнө жүзүндөгү христиандарды жана мусулмандарды  Ыйса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) менен куттуктады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Ирандын Жогорку лидери өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасынан англис тилинде дүйнө жүзүндөгү, анын ичинде Ирандагы христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады. “Дүйнөдөгү бардык христиандарды жана мусулмандарды, айрыкча христиан мекендештеримди Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм”, - деп айтылат Хаменеинин билдирүүсүндө.

Буга чейин Ирандын президенти Хасан Рухани, тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф жана Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Али Рабии дагы дүйнө христиандарын Рождество майрамы менен куттуктаган.

Белгилей кетсек, Рождество майрамын католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-1.52
USD
80.98
-0.28
EUR
82.36
+0.02
KZT
0.17
-0.18
RUB
1.33
+0.47
TJS
7.99
-1.18
TMT
23.43
-1.19
UZS
0.01
-1.32

Аба ырайы

 

+34°C Тегеран
+20°C Москва
+15°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+27°C Алматы
+36°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+34°C Ташкент

Соцсети