Россиянын Татарстан Республикасынын Мусулмандар Руханий Башкармалыгы келерки жылдагы негизги мусулман майрамдарынын даталарын атады.
Islam Today маалымат порталы Татарстан Республикасынын Мусулмандарынын Руханий Башкармалыгы 1442-1443-хижрий же 2021-жылдагы мусулмандар календарынын маанилүү даталарын жарыялаганын жазды.
Белгилей кетсек, 2021-жыл 1442-жылдын ортосуна жана аягына, 1443-хижранын башына жана ортосуна туура келет. Хижрий календарында 12 ай бар жана жаңы жыл Мухаррам айынан башталат.
Мусулман календарынын айларынын башталышын жана аяктоосун аныктоодо ТР МРБ Уламалар Кеңеши жергиликтүү географиялык өзгөчөлүктөргө жана астрономиялык маалыматтарга таянат.
Ошентип, 2021-жылы Ыйык Рамазан айы 13-апрелде (шейшемби) башталып, 30 күнгө созулаары жана 13-май күнү Орозо айт болоору божомолдонду.
Мусулмандардын дагы бир улуу Курман айт майрамы 20-июлда (шейшемби) белгиленет. Башка ыйык айлар, түндөр жана мусулман календарынын маанилүү даталары ТР МРБ сайтында "Пайдалуу маалымат" бөлүмүндө баяндалган.
Валюта курсу
Аба ырайы