103 Категория: Религия - Published: 08/12 - 11:23

Дүйнөдөгү католиктердин диний лидери Рим Папасы Франциск март айында Иракка барат.

Бул тууралуу Ватикандын басма сөз кеңсесинин директору Маттео Бруни билдиргенин “Mehr News” агенттиги “Vatican News” маалымат порталына шилтеме берип кабарлады. Маалыматка караганда, Франциск Иракка 2021-жылдын 5-8-мартында барып, бул өлкөнүн бир нече провинцияларын кыдырат.

Ватикандын басма сөз кеңсесинин директору Маттео Брунинин айтымында, Рим папасынын Иракка боло турган сапары Батыш Азиядагы өлкө үчүн тарыхый сапар болот. Бруни кошумчалагандай, Франциск Багдад, Ур, Эрбиль, Мосул жана Бахдида шаарларына барат.

Теги: