• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
85 Категория: Религия - Published: 27/11 - 10:12

Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу долбоору ийгиликтүү улантылып жатат.

Кыргызстанда бул багытта иш алып барган “Авеп” уюму учурда Өзгөн районунда компьютердик курс боюнча улантылып жатат. 150гө жакын студент медреседе бул кесипти үйрөнүп жаткан болсо, учурда кырдаалга байланыштуу 80ге чукулу гана билим алууда.

Медресеге 9-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр кабыл алынат. Алар 3 этап менен сынак тапшырып, андан соң гана кабыл алынат. Ал жерге  кошумча өнөр үйрөнүүнү каалап келгендердин саны жыл сайын көбөйүп барат. Буга улай эле, медреселер аралык тажрыйба алмашуу иш чаралары да өткөрүлүп турат.

Медреседе билим алган кыздар үчүн ал жерде бардык шарттар каралган. Бир гана диний багытта эмес, светтик, Кыргызстан тарыхы, физика жана ушул сыяктуу сабактар окутулат.

Кошумча кесипти үйрөнгөндөргө сертификат берилгени менен аны мамлекеттик мекемелер тааный албайт. Мына ушул маселенин үстүндө учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анткени мамлекет тааныса, студенттер жумуш менен камсыз болушу мындан да тездемек дешет. Буга чейин ашпозчулук, кондитер, компьютер курстары үйрөтүлүп келсе, эми техникаларды өздөштүрүүчү курстар да кошулат.

“Авеп” коомдук уюмунун аталган долбоору 5 жылдан ашык убакыттан бери медреселер менен иш алып барган болсо, ушул убакытка чейин алар менен кызматташууну каалаган медреселердин саны 30дан ашты. Алардын көпчүлүгү Ош жана Чүй облусунда.

Кыргызстанда медреселердин саны жыл өткөн сайын көбөйүп барат. Алардын саны расмий маалыматта 110дон өтсө, 20дайы мыйзамсыз иштейт. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматында айтылгандай, медреселерде 6 миңден ашык бала билим алышат. Бирок “Булан” институнун иликтөөсүн ылайык, медреселерде окуган балдардын саны андан да кыйла көп. Маселе – мектеп жашындагы айрым балдар мектептен баш тартып, медреселерде окуп жатканында. Ал эми алар бүткөндөн кийин радикалдашып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан Кыргызстанда медресе жаштарын кесипке үйрөтүү долбоору ишке ашырылып келет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
83.00
+0.01
EUR
84.51
-0.41
KZT
0.17
+0.29
RUB
1.35
-0.19
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+35°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети