• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
76 Категория: Религия - Published: 16/11 - 12:05

Түркиянын Стамбул шаарындагы XVII кылымга таандык тарыхый Ваникёй мечитинде ири өрт чыкты.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Стамбулдун өрткө каршы күрөшүү кызматы мечитте чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт өчүрүүчүлөр жалындын мечиттин артында жайгашкан токойго жайылышынын алдын алышты.

Маалыматта өрт имаратка олуттуу зыян келтиргени айтылат. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, Босфор кысыгынын жээгинде жайгашкан Ваникёй мечити XVII кылымда, 1670-жылы курулган. Ал учурда жерди осмон султаны Мехмед IV башкарып турган. Жалгыз мунарасы бар мечит жыгачтан салынган. Бул мечит өрт чыкканга чейин намаз окуучулар үчүн ачык болгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
83.00
+0.01
EUR
84.51
-0.41
KZT
0.17
+0.29
RUB
1.35
-0.19
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+35°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети