• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
60 Категория: Религия - Published: 11/11 - 14:38

Сауд Аравиясы сегиз айлык карантинден кийин Медина шаарын чет элдиктер үчүн ачты.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сауд Аравиясынын массалык маалымат каражаттары Пакистандын зыяратчыларынын биринчи тобу Мединага барышканын кабарлашты.
Сауд Аравиясына умра зыяратына барган топко Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитине дагы барууга уруксат берилди.
Коронавирустун чыгышына байланыштуу Сауд Аравиясы чет өлкөлүк зыяратчылардын өлкөгө кирүүсүн токтотушкан жана өлкөдө жашаган чет элдик жарандардын чектелген катышуусу менен ажылык амалдарын аткарышкан.
Умра зыяраты кайрадан башталып, Сауд Аравиясынын өкмөтү эгер өлкөдө коронавирус көзөмөлгө алынса, бара-бара акырындык жана көзөмөл менен өлкө аймагынан тышкары зыяратчыларга умра кылуу мүмкүнчүлүгүн берерин билдирди. Азырынча Пакистан менен Индонезиядан зыяратчылар умрага барышты.
Дүйшөмбү күнү, акыркы сегиз айда биринчи жолу 37 пакистандык Меккеде умра ибадатын аткаруу үчүн Мединага барышкан.
Сауд Аравиясынын Ажылык министрлиги, “Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитине зыярат кылуу үчүн чектелген мүмкүнчүлүк белгиленди жана зыяратчылардын мечитке кириши “Etemarna” программасында көрсөтүлгөн кезектин негизинде жүрөт”, - деп жарыялады.
Акырындык менен программасынын жүрүшүндө күн сайын 20 000 адам умра ибадаттарын аткара алат, ал эми 60 000 адам Ыйык жана Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитинде намаз окуй алышат.
Сауд Аравиясынын Ажылык министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик умрачылардын жаш курагы 18ден 65 жашка чейин болушу керек. Умрачылардын колунда өлкөгө кирүүдөн 72 саат мурун Сауд Арабиясына ишенимдүү лабораториялардын бирине тапшырган ПЦР-тесттин жана коронавирус жуктуруп албаганын далилдей турган жыйынтык кагазы болушу керек. Бул протоколдорго ылайык, умра зыяратчылары Сауд Аравиясына киргенден кийин мейманканада үч күн карантинге алынат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
82.83
-0.21
EUR
84.83
+0.38
KZT
0.17
-0.57
RUB
1.35
-0.01
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+32°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети