377 Категория: Религия - Published: 07/11 - 13:58

Коомдук талкууга коюлуп, мамлекеттин диний жааттагы саясаттын аныктай турган концепция – 2021-2026-жылдарга чейин иштейт деп мерчемделүүдө.

Мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иштеп чыккан концепциянын долбоорун КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Концепциянын максаты – мамлекеттин светтик негиздерин жана диний толлеранттуулукту чыңдоо үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.

Алгачкы талкуулар өлкөнүн Түштүк аймактарында өткөрүлдү. Башкача айтканда, 3-4-ноябрь күндөрү Баткен жана Жалал-Абад облустарында уюштурулса, 5-6-ноябрында Ош шаарында болду.

Эми Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында өткөрүү пландалып жатат.

 
Теги: