БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери экстремизмге каршы ыкчам жана алдын алууга багытталган бир топ иштерди мерчемдеген.
Түшүндүрүү иштерин алып барып, анда каттоодо турган жана ал идеяларды колдогон жарандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Талас облусу аймагында “Нелегал” рейдинин жүрүшүндө Бакай-Ата районунда экстремисттик “Якин Инкар” уюмунун мүчөсү катары Бакай-Ата РИИБдин каттоосунда турган жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал Боо-Терек айылынын 30 жаштагы К.У. аттуу тургуну илим алам деп дин боюнча ар кандай агымдарга кошулуп, изденип жүргөн.
Бирок, мыйзамсыз деп табылган экстремисттик уюм экендигине эми көзү жетип, өз ыктыяры менен ал уюмдан чыгып кеткенин билдирип, башка жарандарды дагы мыйзамсыз аракеттерден оолак болууга үндөдү.
Валюта курсу
Аба ырайы