Экстремисттикидеологияныжайылтыпжүргөн«Хизбут-Тахрир»уюмундагыаялдаркармалды
- Подробности
- Просмотров: 425
БИШКЕК, 15-март. — Eurasia Today. “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, диний-экстремисттик уюмдун “аялдар канатынын” жашыруун иши УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аныкталган.
Аталган уюмдун мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттерди жүргүзүп келишкен.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т.”, “М.Г.” жана “М.Н.” камакка алынып, атайын комитеттин тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат.
Валюта курсу
Аба ырайы