БИШКЕК, 25-ноябрь. — Eurasia Today. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүндө "Чубак ажы Жалилов" атындагы мечиттин курулуш бүтүп, салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматы жазды.
Мечит “Эмират” эл аралык кайрымдуулук коомунун демөөрчүлүгү астында, бардык шарттары менен заманбап үлгүдө курулган.
Орто Азияга аттын кашкасындай таанымал аалым, маркум Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган мечиттин ачылыш аземине Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Өзгөн районундагы “Имам Бухари” ислам институтунун ректору Абдирахман кары Атабаев, демөөрчүлөр, имамдар жана айыл тургундары катышты.
Мечиттин ачылыш аземинде анын курулушуна демөөрчүлүк кылган “Эмират” эл аралык кайрымдуулук коомунун Кыргызстандагы мүдүрү Али Айоуб жана Хусейн Абдурахманханга, аны менен бирге курулуш иштеринде талыкпай кызмат кылган имам баштаган бир нече инсанга Кара-Суу райондук хатибяты тарабынан ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Валюта курсу
Аба ырайы