БИШКЕК, 10-ноябрь. — Eurasia Today. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндөгү “Сармазар” мечитинин имамы Рахимжан ажы Нишановдун демилгеси менен 100гө жакын ата-энеси жок балдарга кышкы жылуу кийим-кечелер таратылды.
Имам аманаттарды жеринде тапшырып, балдарды кубантты. Бул иши менен башкаларды да ушундай жакшы сооптуу иштерди аткарууга чакырды. Рахимжан ажы Нишанов бул ишке себепчи болгон демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, алардын иштерине ийгиликтерди тилеп, дуба кылды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
“Пайгамбарыбыз (с.а.в) куттуу бир хадисинде “Жетимдин башын сылаган кишиге анын башындагы чачтарынын санынчалык сооп жазылат”, – деген. Бүгүн биз ушул хадиске амал кылуу максатында колубуздан келишинче ата-энесиз калган балдарды кубантып олтурабыз. Жараткан Алла Таала кылган иштерибизди кабыл кылып, убада кылган соопторун насип кылсын”, – деди Сармазар мечитинин имам-хатиби Рахимжан ажы Нишанов.
Кайрымдуулук иш-чарасын уюштурган Рахимжан ажыга Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ыраазычылык билдирип, анын уюштуруучу, менеджер, илимдүү имамдардын бири экенин белгиледи.
Валюта курсу
Аба ырайы