• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
53 Категория: Интернет и СМИ - Published: 29/04 - 09:59

БИШКЕК, 29-апрель. — Eurasia Today. Ош шаарында “Өзгөчө кырдаалдар учурунда оперативдүү медиаштабды уюштуруу жана анын иштөө тартибин” карап чыгуу боюнча координациялык жыйын өттү.

Иш-чарага ЖМКлардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттер катышып, өзгөчө абалдар учурунда ЖМК кызматкерлери кандай иш алып баруу керектигин талкуулашып, өз сунуштарын беришти.

Анын катышуучулары ЖМК өкүлдөрү мындай жагдайларда кандай иш алып баруу керектигин талкулашты. Өзгөчө кырдаалдар учурунда иштей турган медиаштабдын түзүлүшүнө бүгүнкү жыйында айтылган ар бир сунуш эске алынмакчы.

Медиаштаб түзүү долбоорун президенттин маалыматтык саясат кызматы демилгелеп чыккан. Бул иш-чара Бишкек шаарында, Ош жана Баткен облустарында өткөрүлүп, ЖМКлардын өкүлдөрү жана жарандык активисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эскперттер катышып, өзгөчө абалдар учурунда бирдиктүү кандай иш алып баруу керектиги талкууланды.

Медиа эксперттердин айтымдарында, өлкөдөгү ар кандай социалдык, этникалык жана чек арага байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда айрым журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү, блогерлер такталбаган маалыматтарды тараткан учурлар кездешкендиктен, медиа өкүлдөрүн бул жаатта агартуу иштерин жүргүзүш керек деген пикирди билдиришти.

Соңунда бардык берилген сунуштар демилгечилер тарабынан кайрадан иштелип чыга турган болду. Мындан соң Министрлер Кабинетинин деңгээлинде беките турган документ боло турганы пландалды.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
84.21
+0.07
KZT
0.17
+1.04
RUB
1.45
-1.04
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+31°C Тегеран
+12°C Москва
+12°C Нур-Султан
+30°C Бишкек
+28°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+34°C Ашхабад
+33°C Ташкент

Соцсети