"БИШКЕК, 16-март. — Eurasia Today. Окурмандар облусттук гезиттердин жабылышына каршы болушууда.
Газета миллиондордун - трибунасы" - деп таамай айтылгандай, биздин облустун аймагында болуп жаткан социалдык-экономикалык, саясий, маданий жана башка түрдүү багыттагы жаңылыктар менен элдин калың катмарын тааныштырып турган облустук "Баткен таңы" гезити карапайым калк үчүн баарыдан жогору турганы талашсыз.
Жумасына бир жолу жарык көргөн бул гезиттин күн сайын чыксада өз окурманы бар. Бүгүнкү күндө эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жогорудагы гезитти жоюу биз үчүн чоң жоготуу деп эсептейбиз жана бул маселеге каршы экенибизди билдиребиз. Ошону менен бирге жогорку бийлик органдарынан элдин пикирин эске алып, эл колдогон облустук "Баткен таңы" гезитинин чыгуусуна шарт түзүп берүүсүн суранабыз.
Айтарыбыз:
Каалашыңча көбөйсүн саның сенин,
Кадырыңды билишет калың элиң.
Шаарларга, айылдарга кубат берген,
Шарпылдаган дайрадай шаңың, демиң
Ала-Тоодой ар дайым бийик болуп,
Алгалай бер "Баткен таңым" менин.
О. Саттаров, Н. Каримов, Лейлек району, Мурас айылы.
Валюта курсу
Аба ырайы