• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
438 Категория: Образование - Published: 13/05 - 23:58

БИШКЕК, 13-май. — Eurasia Today.   Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда педагогдордун жана дарыгерлердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турарын билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.                             Чогулган мугалимдер өз кезегинде кескин жогорулатылган  маяна үчүн Акылбек Жапаровго ыраазычылык билдирип, карылар пенсияны жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышты. 

"Алгач мен каржы министри болуп келген кезде  президентибиз Садыр Жапаров тарабынан мага мугалимдердин, дарыгерлердин маянасын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын  жөлөк пулдарын көтөрүү тапшырылган. Максатталгандай өлкө башчыбыздын демилгеси менен ал пландарды ишке ашырдык. Буйруса быйыл 1-июндан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын көлөмүн октябрь айында жогорулатуу пландалууда"- деди Жапаров.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
79.50
0.00
EUR
83.00
-0.68
KZT
0.17
-1.11
RUB
1.49
-1.10
TJS
7.53
+3.21
TMT
22.71
+0.00
UZS
0.01
+1.39

Аба ырайы

 

+36°C Тегеран
+22°C Москва
+17°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+33°C Дүйшөмбү
+36°C Ашхабад
+31°C Ташкент

Соцсети