БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. Ош шаарынын мэриясында Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин программалык координаторлорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын, мекемелердин жетекчилери жана адистери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында келечектүү багыттар боюнча ишке ашырылып жаткан аталган агенттиктин долбоорлорунун бет ачары болуп өттү, анын ичинде айыл чарбаны колдоо, компьютердик билим берүү, социалдык камсыздоо, медайымдык иш, туризм, китепканачылык, жалпы менеджмент, инфраструктураны өнүктүрүү, коопсуздук жана башкалар кирет.
Жыйында айрым долбоорлорду ишке ашырууга арыздар түшкөн учурда маселени иликтөөгө тиешелүү адистер жөнөтүлүп, ар бир облустагы абал менен жеринде таанышып чыгаары айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Валюта курсу
Аба ырайы