96 Категория: Образование - Published: 06/04 - 10:04

БИШКЕК, 6-апрель. — Eurasia Today. Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы республикалык тестке даярдоо мектептерде милдеттүү түрдө жүргүзүлүш керек.

Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Нуркыз Кадырбекова айтып чыкты.

Анын айтымында, бул демилге “бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдоо мектеп мугалимдеринин милдетине кирбейт” деген маалымат айтылгандан кийин сунушталды.

“ЖРТга даярдануу үчүн кошумча акча төлөп, окуй албай жаткан окуучулар да бар. Ошондуктан мындай учурда окуучуну тестке даярдаш үчүн мектеп мугалимдерине кошумча сабак катары милдеттендирилиш керек”,-дейт Н.Кадырбекова.
Бирок ЖРТга даярдоочу окуу борборлорунун баалары жогору экенине карабай талап күч. Анткени, окутуу бир гана багытта болуп, тесттин суроолоруна дал келет. Бул тууралуу Оштогу жеке окуу борборлорунун биринин жетекчиси Саидали Ормонов айтат.

Оштогу мамлекеттик мектептерде ЖРТга атайын даярдоо үчүн кошумча сабактар өткөрүлбөйт деген менен айрым мектептер бул жаатындагы көйгөйлөрдү ата-энелер менен кеңешип чечишкен. Мисалы, Ош шаарындагы Киров атындагы мектептин директору Бактыгүл Жусубалиева билим уяда атайын курстар ачылганын айтат.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептерде ЖРТга кошумча сабактарды акысыз өтүп берүү маселеси боюнча билим берүү башкармалыгына кайрылган. Бирок ал жактан азырынча жооп келе элек.

Билим берүү жаатындагы талдоочу Куштарбек Кимсановдун айтымында, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыктар мектептердин өзүндө болушун билим берүү министрлиги уюштуруш керек. Бул көйгөй 20 жылдан бери чечилбей келет.

Жогорку окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110, предметтик балл 60. Бирок тесттин жыйынтыгына жараша босого балл өзгөрүшү да мүмкүн. 2022-жылы ЖРТны 23-28-майда өткөрүү күтүлүүдө.

Быйыл 68 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүү алдында турат.

Теги: