261 Категория: Образование - Published: 24/03 - 14:57

БИШКЕК, 24-март. — Eurasia Today. 1-апрелден тарта билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 80%га жогорулайт.

Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев  басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 1-апрелден тарта социалдык тармактагылардын айлыктары көбөйөт. Мугалим, дарыгерлер, маданий кызматкерлер, илим жаатындагы адистердин, жалпы 309 миң кызматкердин айлыгы көтөрүлөт.

“Орточо билим берүү тармагына 80 пайызга чейин, жаңы модель менен эсептеп чыкканда, жаңы иштеп баштаган мугалим 20 миңдин тегерегинде айлык алат. А азыр андай мугалдимдер 4 миң сомдон, 7 миңге сомго чейин эле алышат. Жалпысынан ушул айлыктарды көтөрүүгө 26 млрд. сом керектелет», — деди министр.

Эскерте кетсек, февраль айынын башында Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде мугалимдердин, милиционерлердин, энергетиктердин айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын билдирген.

Теги: