38 Категория: Образование - Published: 26/10 - 08:40

БИШКЕК, 26-октябрь. — Eurasia Today. Чехиянын Батыш Чех университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Павел Варжека баштаган 15 окумуштуудан турган экспедиция Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат.

Аталган изилдөөгө Ош МУдан 9 студент да катышууда. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти.

Ош МУнун аталган университет менен 4 жылдан бери биргеликте ишке ашырып келаткан эки тараптуу кызматташуу келишимдери бар. 2018-жылы кол коюлган келишимдин алкагында чыгыш таануу жана тарых факультетинин ондон ашуун окутуучулары, ондон ашуун студент, магистранттар аталган окуу жайдан мобилдүүлүктөн өтүп келишкен. Ал эми Батыш Чех университетинен да бул жылдар аралыгында окутуучулар, магистранттар келип, Кыргызстандагы археологиялык эстеликтерге, чыгыш таануу жана тарых факультетиндеги археологиялык музейдеги экспонаттарга изилдөө жүргүзүшкөн.

Профессор Павел Варжека Ошко жасаган иш сапардын алкагында Чыгыш таануу жана тарых факультетинде окутуучулар, магистранттар, студенттер үчүн конок лекция да окуду.

Теги: