• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
271 Категория: Образование - Published: 23/09 - 15:32

БИШКЕК, 23-сентябрь. — Eurasia Today. Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан тажикстандык 425 студент билим алууну онлайн улантышууда.

Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-2021-окуу жылында аталган окуу жайда жалпы 511 тажикстандык студент окуган. Алардын ичинен 86 студент өткөн жылы окууну бүтүп кетишкен.

«Жаз айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошол себептен бизде билим алган тажикстандык 425 студентке онлайн түрүндө билим берип жатабыз. 2020-2021-окуу жылында алардын ичинен 86 студент окууну бүтүрүп кеткен. Булардын басымдуу бөлүгү ОшМУнун медициналык тармагында билим алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алышкан тажикстандык студенттер чек арадан өтө албай жатышкандыктарын айтып чыгышкан. Мындан улам, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тажик студенттерине жана мугалимдерине Кыргызстанга кирип-чыгууга жана өлкөдө калууга уруксат бере турган министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлаган.

Ал арада Тажикстан Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алып жатышкан студенттерине билимдерин өз өлкөсүндөгү окуу жайларда улантууну сунуштаган. Бирок аларга өздөрү окуп жаткан кесиптер эмес, башка окуулар сунушталгандыктан, студенттер андан баш тартып, Кыргызстанга келүүнү каалашууда.

КР Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-21-окуу жылы Кыргызстанда Тажикстандын 1932 студенти билим алган. Алар Бишкек, Баткен жана Ош шаарларындагы университеттерде окушкан. Ал эми Тажикстандын ЖОЖдорунда Кыргызстандан 105 студент билим алат.
Ушул жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгып, анда эки тараптан ондогон адамдар набыт кеткен. Бул окуялардан кийин Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттер кодулоого учурап жатканы жана мажбурлап өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок расмий Бишкек муну четке каккан.

Кыргызстан май айында тажик жарандары үчүн чек араны бир тараптуу жаап салган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

Соцсети