• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
1051 Категория: Образование - Published: 21/09 - 12:42

БИШКЕК, 21-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, тажик студенттерине жана мугалимдерине Кыргызстанга кирип-чыгууга жана өлкөдө калууга уруксат бере турган министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлады.

Ал документ тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып жатат жана бул тууралуу тажик тарапка алдын ала эскертилген.

Кечээ, 20-сентябрда, Кыргызстанга кире албай жаткан тажикстандык студенттер Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин алдына чогулуп, чек арадан өткөрүүгө жардам сурашты. “Азаттык” радиосунун тажик кызматы жазгандай, студенттер Кыргызстанга келип, окууларын улантууну каалашат.

Кыргыз мамлекеттик медициналык университетинин 5-курсунун студенти Машраф Мухаммадюсуф Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганы менен Бишкекке келе албай жатканын айтып берген.

«Эгерде биз жакынкы аралыкта окуубузду баштабасак, анда биз окуудан чыгарылышыбыз мүмкүн. Ушунча убакыттын ичинде биз Кыргызстанда билим алуу үчүн жыл сайын 12-13 миң сомони (100 миң сомго жакын) төлөп келе жатабыз. Мисалы, мен диплом алуу үчүн дагы эки жыл окушум керек. Эгерде маселе чечилбесе, анда биз бардыгын жоготобуз жана бир нече жыл өмүрүбүз текке кетирген болобуз»,-деген Мухаммедюсуф.

Буга чейин маалым болгондой, Тажикстан Кыргызстандын ЖОЖдорунда билим алып жатышкан студенттерине билимдерин өз өлкөсүндөгү окуу жайларда улантууну сунуштаган. Бирок аларга өздөрү окуп жаткан кесиптер эмес, башка окуулар сунушталгандыктан, студенттер андан баш тартып, Кыргызстанга келүүнү каалашууда.

КР Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-21-окуу жылы Кыргызстанда Тажикстандын 1932 студенти билим алган. Алар Бишкек, Баткен жана Ош шаарларындагы университеттерде окушкан. Ал эми Тажикстандын ЖОЖдорунда Кыргызстандан 105 студент билим алат.

Ушул жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгып, анда эки тараптан ондогон адамдар набыт кеткен. Бул окуялардан кийин Кыргызстанда окуган тажикстандык студенттер кодулоого учурап жатканы жана мажбурлап өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок расмий Бишкек муну четке каккан.

Кыргызстан май айында тажик жарандары үчүн чек араны бир тараптуу жаап салган.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.45
0.00
EUR
88.96
0.00
KZT
0.18
0.00
RUB
1.37
0.00
TJS
8.27
+0.02
TMT
24.13
+0.01
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-13°C Москва
-24°C Астана
-4°C Бишкек
-6°C Алматы
+2°C Дүйшөмбү
+2°C Ашхабад
-2°C Ташкент

Соцсети