• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
96 Категория: Образование - Published: 21/09 - 10:36

БИШКЕК, 21-сентябрь. — Eurasia Today. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстан жарандарынын маселеси каралып жатат.

 Бул таралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда окуп жаткан же мугалим болуп иштеп жаткан Тажикстандын жарандарынын, анын ичинде этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгуусуна жана өлкө аймагында жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган атайын буйрук чыккан. Учурда бул буйруктун негизинде атайын органдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган тажикстандык студенттер өлкөгө кирүүгө уруксат берилбей жатканын билдиришкен.

Ошондой эле, кечээ, 20-сентябрда биздин өлкөдө окуган тажик студенттери Кыргызстандын Душанбедеги элчилигинин алдында чогулушп, бир жагынан Кыргызстан менен чек ара жабык турганын, экинчи жагынан мекенинде өз адистиги боюнча билимин улантууга уруксат берилбей жатканын билдиришкен.

Белгилей кетсек, быйыл апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, анда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Май айынын аягында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жапкан. Мындан улам Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алган тажикстандык студенттердин, анын ичинде этникалык кыргыздардын чек арадан өтүүсүнө, билимин улантуусуна тоскоолдуктар болуп жатканын айтып келишет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-15°C Москва
-11°C Нур-Султан
+5°C Бишкек
+2°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+7°C Ташкент

Соцсети