• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
97 Категория: Образование - Published: 17/03 - 16:47

БИШКЕК, 17-март. — Eurasia Today. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөгө эмгек сиңирген мугалим, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүлүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Г. Мадаминов мындан 25 жыл мурда Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылында жеке менчик эксперименталдык мектеп-гимназияны түзгөн. Алгачкы жылдары окуучулар бекер билим алууга да келбей, айласы куруганда аларга бекер тамак-аш берип, ата-энелерин көндүрүп, мектепке келтирип жүрсө, кийин анын бүтүрүүчүлөрү 200% (себеби ЖОЖдорго тапшыруу шартына ылайык бүтүрүүчүлөр эки талон менен эки жогорку окуу жайына тапшыра алышат) ЖОЖдорго, болгондо да бюджеттик орундарга өтүп кетип, кийин АКШ, Европа, Түркия жана башка алдыңкы мамлекеттерде билим ала башташкандан кийин азыр Жаштык айылына Баткен, Бишкектен бери балдар барышып, аталган мектеп-гимназиядан билим ала башташууда.

Г. Мадаминовду республикабыздын ОшМУ, И. Арабаев атындагы КМУ жана башка орто жана жогорку окуу жайлары чакырышып, тажрыйбасы менен бөлүшүп,  мастер-класстарды өтүп берүүсүн суранышат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.42
0.00
EUR
93.12
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
8.01
+0.01
TMT
24.98
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
+1°C Москва
-4°C Астана
+8°C Бишкек
+6°C Алматы
+14°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+15°C Ташкент

Соцсети