Ирандын белгилүү режиссеру Мажид Мажидинин эмгегинен жаралган “Күн” аттуу тасмасы Венеция кинофестивалынан “Алтын чырак” сыйлыгын жеңип алды.
Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Ирандын “Күн” тасмасында – кенч издеген, бирок кенч өздөрү экенине күмөн санабаган, иштеген балдардын окуясы баяндалат. Ошондой эле фестивалда “Күн” тасмасында роль жараткан жаш актер Рухолла Замани мыкты жаш актер номинациясы боюнча “Марчелло Мастроянни” сыйлыгын жеңип алды.
77-Эл аралык Венеция кинофестивалы катуу санитардык чаралардын алкагында 2-сентябрда Италияда башталган. Бул фестивалда 18 тасма, анын ичинде Мажид Мажиди тарткан “Күн” тасмасы “Алтын Арстан” сыйлыгы үчүн ат салышты.
Мажид Мажиди - Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн биринчи ирандык режиссер. Анын “Асман балдары” аттуу тасмасы 1998-жылы Оскар сыйлыгынын “Эң мыкты чет тилдеги тасма” сынагында бештикке кирген.