89 Категория: Культура - Published: 07/09 - 12:06

9-сентябрь Комуз күнүнө карата Кыргызстандын бардык аймактарында 7-сентябрдан 13-сентябрга чейин Комуз жумалыгы башталды.

Мындай жарыяны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таратты. Комуз күнү өлкөдө быйыл экинчи жолу өтүүдө. Учурдагы эпидемиологиялык татаал кырдаалга байланыштуу жумалык онлайн режимде өтөт. Программага улуу комузчулардын тарыхы, салттуу музыка жана комузчулардын катышуусундагы илимий-практикалык конференция, “Таңшы комуз” онлайн-концерти жана видео-сабактар кирген.

Иш-чара “Маданият. Тарых. Тил” телеканалынын эфиринде жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында түз чагылдырылат. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 29-июлдагы Жарлыгы менен “Комуз күнү” 9-сентябрга белгиленген. Жарлыкта комуз кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш экендиги айтылат.

Ошондой эле, Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарылдыгы белгиленген. Былтыр алгачкы жолу белгиленген Комуз күнүндө Бишкекте илимий-практикалык конференция, эскерүү иш-чаралары, залкар комузчулардын көргөзмөсү, “Таңшы комуз” концерти өткөрүлгөн. Ош шаарында 500 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертишкен.

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында 1000 комузчу “Маш ботой” күүсүн чертип, Гиннестин рекорддор китебине сунушталган. Бирок, каттоо үчүн керектелген 17 миң фунт стерлингди төлөөдө демилгечилер өз идеясынан баш тартышкан. Комуз кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы. Комуз кыргыз элинин салттуу музыкасынын өзөгүн түзөт. Комуз тууралуу сүрөттөмөлөрдү жана анын кыргыз улутуна таандыктыгын биздин заманыбызга чейинки байыркы Кытай жазмаларынан жолуктурууга болот.

Теги: