60 Категория: Культура - Published: 12/02 - 15:07

Ирандын Кашан шаарынын Нушабад шаарчасында «Уи» деген ат менен белгилүү болгон жер алдындагы шаар бар.

Ал дүйнөдөгү эң ири жер алдындагы шаар болуп саналат. Бул туурасында "Visitiran" интернет-порталы жазды.

Жер алдында үч кабат болуп курулган бул шаар аскердик жана коргонуучу жай катары колдонулган. 1500 жылдык тарыхка ээ болгон бул шаар Сасаниддер дооруна таандык жана ал Сельджукиддер доорунан баштап Сефевиддер, ал тургай Кажарлар доорунда дагы колдонулган.

Ал шаар тургундарын душмандардын басып кирүүсүнөн коргоо максатында курулган. Бул жер алдындагы шаардын ичине кирүүчү ар кандай жолдору бар: жашыруун кудук аркылуу жана үйдүн ичиндеги тар жана кыска канал аркылуу же шаардан алыс эмес жайгашкан кыштан курулган сарайдын ичи аркылуу, базар аркылуу, мечиттердин ичиндеги кудуктар, бакчалар аркылуу кирүүчү жолдор душмандар кол салган кезде тезинен качып кирүүгө мүмкүндүк берген.

Жер алдындагы шаардын кире беришинен башка бардык бөлүктөрүнүн бийиктиги 170-180 сантиметрди түзөт. Бул тарыхый имараттын ичинде дааратканалар дагы бар. Ошондой эле имаратка душмандар киргенде аларды  колго түшүрүүчү түзмөктөр дагы бар. Жер алдындагы бул шаарды 2006-жылы жергиликтүү  бир тургун короосунда кудук казып жатып таап алган.

    
Теги: