379 Категория: Культура - Published: 25/04 - 10:13

БИШКЕК, 25-апрель. — Eurasia Today. Бүгүн, 25-апрель Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салттуу музыка жумалыгынын гала-концерти өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, концертке Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Россиянын Алтай жана Тыва Республикаларынын өкүлдөрү катышат.

Концерт саат 18:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, 20-апрелде башталган жумалык 25-апрель - салттуу музыка күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду уюштурууда.

Теги: