93 Категория: Культура - Published: 13/04 - 10:46

БИШКЕК, 13-апрель. — Eurasia Today. Анкара шаарында ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун штаб-квартирасында эски Баш катчыны узатуу, жаңы Баш катчынын ишке киришүү аземи өттү.

Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Салтанатка Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түркия Республикасынын Маданият жана  туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк мамлекеттер уюмунун Баш катчысы Багдад Амреев, элчилер, катышты.

Ошентип Султан Раев бүгүн, 13-апрелде, Эл аралык ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы катары расмий ишке киришти. Бул тууралуу ал өзү да Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Жазуучу, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Баш катчысы болуп 31-мартта дайындалган.

2022-жылы Бурса шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп белгиленген. Быйыл бул шаарда Көчмөндөр оюну өтөт.

ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү элдердин материалдык, маданий мурастарын сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү максатын аркалаган эл аралык уюм.

 
Теги: