БИШКЕК, 4-апрель. — Eurasia Today. Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театры толук реконструкциялоодон өтүп жатат.
Тактап айтканда, шыбагынан бери алынып салып, кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Орундуктар 500гө чейин көбөйтүлгөн театрдын учурда ички бөлүгүндө иш жүрүүдө.
Буга чейин белгилүү болгондой, аталган театрды оңдоп-түзөөгө Өзбекстан 5 млн. АКШ долларын бөлүп берген. Бул гранттык негизде өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылууда.
Театрда 2021-жылдын сентябрь айында оңдоп-түзөө иштери башталган. Ал эми быйыл сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов театрдын имаратын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Бабур театрынын имараты 1979-жылы курулуп, пайдаланууга тапшырылган. Андан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.
Өкмөт 2020-жылы театрды оңдоого бюджеттен акча бөлгөн. Бирок пандемияга байланыштуу оңдолбой калган.
Кошумчалай кетсек, Өзбекстан 2018-жылы Ош шаарына үч кабаттуу 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруп берген. Мындан сырткары, Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылына 3,5 млн долларга 330 орундуу мектеп салып берди. Анын ачылышы 1-апрель күнү өттү.