• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
302 Категория: Культура - Published: 02/09 - 17:53

Глобализация процессинде шаарлар индивидуалдуулугун жоготуп, үйлөр жана көчөлөр бири-бирине окшоп калат.

Иран-Ирак согушунан кийин (1980-1988) Ирандын көптөгөн шаарларындагы дубалдар согуш учурунда шейит кеткен адамдардын портреттери, согуштук  жана революциялык символикалардын сүрөттөрү менен кооздоло баштаган. Бирок бүгүнкү күндө Тегерандын фрескалары согушчан көрүнбөйт – көчөлөрдөгү дубул беттеринен жаратылыш пейзаждарын, кызыктуу абстрактуу сүрөттөрдү, адабий сюжеттерди, оптикалык иллюзияларды жана мозаикалык оймо-чиймелерди көрүүгө болот. Ошонтсе дагы дубалдардагы өзгөчө маанилүү эски, согуштук-революциялык фрескалар сакталып турат жана үзгүлтүксүз калыбына келтирилип турат.

Мехди Кадианлу

2006-жылы Тегерандын муниципалитети сүрөтчүлөрдү чакыруу менен алардын идеяларын жана пландарын көргөн. Мехди Кадианлу сынактан утуп алган. Мехди муниципалитеттин уруксаты менен өзүнүн Blue Sky Painters командасы менен борбор калаанын көңүлсүз панель үйлөрүн  ачык түстүү кооз искусство объектисине айланткан. Мехди Кадианлу 1981-жылы Тегерандын чет жакасындагы Карадж шаарында туулган. Ал Тегеран университетинин дипломун алган, андан кийин анимация жаатында магистр даражасын алган, ал эми 10 жылдан кийин Тегерандын көчөлөрүндөгү биринчи эмгектеринен кийин бул өнөрүн улантуу үчүн Лондонго кеткен.


Мехди Бадие Пеймо

Тегеран шаарындагы көпүрөлөрдүн алдынан кызыктуу граффитилерди көрүүгө болот. Бул дубалга тартылган сүрөттөр Ирандын маданиятына таандык. Дубалдардан байыркы спорттун түрү зурхане менен алектенген ирандык баатырлардын сүрөттөрүн кезиктирүүгө болот. Бүгүнкү күндө Мехди Бадие Пеймонун граффитилери бул баатырлардын образын чагылдырып турат.

Лала Эскандари

Ирандык сүрөтчү Лала Эскандарини Тегерандын мэриясы менен келишим түзгөн биринчи аял деп айтууга болот. Ал өлкөнүн борборунун тышкы көрүнүшүнө ачык түстөрдү кошуу тууралуу демилгеси менен Тегерандын мэриясына кайрылган. Лала Эскандари узундугу 250 метр болгон Саттари көпүрөсүнүн долбоорун жана планын мэрияга көрсөткөн. Үч жылдан кийин ал дубал бетине биринчи эмгегин жарата алган. Ал боёктордун ордуна түсүн көпкө сактап турган түстүү плиткаларды колдонуу идеясын сунуштаган. Эң биринчи мозаикалар Лала Эскандари тарабынан жасалган. Анын көздү кубанткан кубанычтуу сүрөттөрү түркүн-түстүү плитканын майда сыныктарынан жасалган. Бул абдан көп эмгекти талап кылуучу техника.

Белгилей кетсек, Иранда дубалга тартылган биринчи фреска мындан 10 миң жыл мурун тартылган. Ал өлкөнүн батышындагы Луристан провинциясындагы үңкүрдөн табылган. Анда мергенчилик көрүнүштөрү чагылдырылган. Алгачкы сүрөтчү кызыл, кара жана сары түстөрдү колдонгон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети