• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
216 Категория: Культура - Published: 14/03 - 14:13

“Ирандын 50 символу” долбоорунун максаты - кыргызстандыктар Иран жөнүндө канчалык деңгээлде билишээри жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардан сурамжылоо жүргүзүү.

Бул сурамжылоо эки мамлекеттин тургундарын эмне байланыштырып турганын, алардын менталитеттеринде кандай окшоштуктар жана айырмачылыктар бар экенин аныктоого жардам бермекчи. Долбоордун дагы бир маанилүү максаты - Кыргызстанда Иран жөнүндө жакшы элестерди калтырып, анын зоболосун көтөрүү.

Кыргызстан менен Ирандын мамилеси жүздөгөн жылдар бою келе жатса да, эки эл бири-бирин  үстүртөн гана билишет.  Ага карабай, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн мамилелери абдан жакын жана туруктуу. Ошол себептен, терс көз караштардан арылып, эки элдин ортосундагы кээ бир түшүнбөстүктөр эмнеде экенин билүү үчүн, өлкөдөгү карапайым элдин Иран жөнүндө оюн билүү абдан маанилүү.

Сурамжылоо орус жана кыргыз тилдеринде өтөт. Конкурстун катышуучуларына Ирандын “символдук элестерин” атоо сунушталат. Ал эми аталган конкурстун жыйынтыгы макала, фотоальбом түрүндө Маданий өкүлчүлүктүн жарчысына жарыяланмакчы.

Сурамжылоонун катышуучулары төмөндө берилген суроолор боюнча (1ден 5ке чейин)  Ирандын аттарын же аталыштарын  жазып, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  электрондук дарекке жөнөтүүлөрү зарыл.

1. Ирандын кооз жерлери

2. Иран табиятындагы кооз жерлер

3. Ирандыктардын дүйнөлүк маанидеги жетишкендиктери жана ойлоп табуулары

4. Ирандын белигилүү тамак-аштары

5. Ирандын өзгөчө кол өнөрчүлүктөрү

6. Ирандын улуттук спортунун түрлөрү

7. Иран поэзиясы, миф жана жомокторундагы каармандар

8. Иран тарыхындагы белиглүү инсандар

9. Иран маданиятындагы көөнөрбөс улуу таланттар

10. Кыргыз тилиндеги фарсы сөздөрү

Эгерде сиз аталган сурамжылоого катышкыңыз келсе, жогоруда берилген 10 пункттун жоопторун  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электорндук почтасына жөнөтүңүз.

Сурап билүү телефону: 0312 903799

Конкурс 2020-жылдын 1-апрелине чейин болот

Так жана кызыктуу жооптордун авторлоруна эсте калаарлык байгелер берилет.

 

 

 

 

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+20°C Нур-Султан
+23°C Бишкек
+19°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети