191 Категория: Культура - Published: 28/08 - 15:06

Ирандык актёр Навид Мохаммадзаде Орусиянын Оренбург шаарында өткөн XIII Эл аралык кинофестивалда "Сакчы" деп аталган тасмасында жараткан образы үчүн "Мыкты актёр" сыйлыгына татыды.

Бул тууралуу "IRNA" агенттиги кабарлады. Ирандык режиссер Нима Жавидинин эмгегинен жаралган "Сакчы" тасмасы Оренбург шаарында өткөн XIII Эл аралык "Чыгыш& Батыш. Классика жана авангард" кинофестивалына катышкан.

Мындан тышкары, "Сакчы" тасмасы (YAR Club Complex) кинофестивалдын башкы демөөрчүсүнүн атайын сыйлыгын алды. "Сакчы" тасмасы: Ирандын түштүгүндө жайгашкан эски түрмө шаарда жаңы ачылган аэропортко жакын болгондуктан аны башка жерге көчүрүү башталат.

Түрмөнүн башчысы, Немат Жахед жана анын кол алдындагылар туткундарды жаңы түрмөгө которуу менен алек. Ошол учурда бир туткун дайынсыз жоголот... Оренбургдагы XIII Эл аралык кинофестиваль 21-августтан 26-августка чейин өткөрүлдү.

Теги: