• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
218 Категория: Культура - Published: 24/08 - 10:31

Ирандын Бажы кызматынын расмий өкүлү өлкөсү иран календары боюнча ушул жылдын алгачкы төрт айында дүйнөнүн 57 өлкөсүнө 82 миллион доллар суммадагы 20 миң тоннадан ашуун килем, килим жана габбе экспорттогон.

Бул тууралуу “Iran Press” агенттиги кабарлады. Сейед Рухолла Латифи перс килемдери дүйнөнүн Канада, Австралия, Германия, Япония, Италия, Кувейт, Кения, Ирак, Пакистан, Бахрейн, Бельгия, Катар, Таиланд, Кытай, Франция, Улуу Британия, Ооганстан, Пакистан, Индия жана Дания сыяктуу өлкөлөргө экспорттолорун белгиледи.

Анын айтымында, перс килемдери өзүнүн кооздугу, бышыктыгы, табигый жана ачык түсү менен мурунтан дүйнө рыногунда тендешсиз болуп келген. “Колдо бар маалыматтар боюнча жапон эли ирандыктардын Габбе килемдерине аябай кызыгышат жана алар килемдерде колдонулган түстөр бул өлкөнүн элинин системасына жана табитине ылайык келет деп билдиришкен”, - деп билдирди Латифи.

Анын айтымында, Ирандын Габбе килемдери Японияда камыштан токулган татамиге салыштырмалуу эки же үч эсе көп сатылат. 

Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасы дүйнөдөгү килемдердин ири өндүрүүчүсү болуп саналат. Килим - жылмакай токулган, эки тараптуу кол менен токулган килем. Габбе – Ирандын Фарс провинциясынын көчмөндөрү токуган перс килемдеринин бир түрү болуп саналат. Ал салттуу килемдерден салмагынын оордугу жана түгүнүн узундугу менен айырмаланып турат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
-4.04
USD
79.87
0.00
EUR
84.48
0.00
KZT
0.19
0.00
RUB
1.30
0.00
TJS
6.42
-3.47
TMT
22.82
-3.81
UZS
0.01
-2.70

Аба ырайы

 

+24°C Тегеран
+7°C Москва
+13°C Нур-Султан
+14°C Бишкек
+14°C Алматы
+16°C Дүйшөмбү
+26°C Ашхабад
+16°C Ташкент

Соцсети