97 Категория: Культура - Published: 17/12 - 11:59

БИШКЕК, 17-декабрь. — Eurasia Today. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Корей Республикасына жасаган расмий иш-сапарынын алкагында, Сеулда тургузулган Алишер Навоинин эстелигин ачты.

Бул тууралуу Спутник-Өзбекстан сайты жарыялады.

Салтанат улуу сөздүн устатынын 580 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чарага эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, бүгүн, 17-декабрда, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Сеулга барды. Аэропортто аны Түштүк Кореянын вице-премьер-министри Хонг Нам Ки тосуп алды.

Өзбекстандын башчысынын барышынын урматына ардактуу кароол тизилип, артиллериялык залп  атылды.

Мирзиёевдин үч күндүк сапарынын негизги иш-чаралары – президент Мун Чжэ Ин менен сүйлөшүүлөр жана башка жолугушуулар эртең болот.

 

Теги: