БИШКЕК, 17-декабрь. — Eurasia Today. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Корей Республикасына жасаган расмий иш-сапарынын алкагында, Сеулда тургузулган Алишер Навоинин эстелигин ачты.
Бул тууралуу Спутник-Өзбекстан сайты жарыялады.
Салтанат улуу сөздүн устатынын 580 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чарага эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, бүгүн, 17-декабрда, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Сеулга барды. Аэропортто аны Түштүк Кореянын вице-премьер-министри Хонг Нам Ки тосуп алды.
Өзбекстандын башчысынын барышынын урматына ардактуу кароол тизилип, артиллериялык залп атылды.
Мирзиёевдин үч күндүк сапарынын негизги иш-чаралары – президент Мун Чжэ Ин менен сүйлөшүүлөр жана башка жолугушуулар эртең болот.
Валюта курсу
Аба ырайы