391 Категория: Культура - Published: 20/08 - 14:08

Иран Ислам Республикасында бир нече улуттардын өкүлдөрү жашашат.

 Перстер

Бул топ тууралуу жана Персия жөнүндө биринчи эскертүүлөр б.з.ч. IX  кылымда Ассирия падышасы Салманасар IIIнүн кара базальт обелискинде пайда болгон. Бул жазууларга караганда, “парсуа” этникалык тобу Ирандын азыркы түндүк-батыш аймагындагы Урмия көлүнүн жанында жашаган. Б.з.ч I миң жылдыктын биринчи жарымында бул элди ассириялыктар басып алган. Бирок кийинчерээк перстердин Ахемениддер династиясы кийинки муундарга каттуу таасирин тийгизген бай маданият жана үрп-адаттары менен уникалдуу мамлекетти түзүшкөн. Бүгүнкү күндө перстер калктын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Перстер негизинен өлкөнүн борбордук провинцияларында жашашат жана перс тилинде сүйлөшөт. Алардын тили Тегеран, Шираз жана Исфахандан бир кыйла айырмаланат.

 Азербайжандар

Азербайжандар перстерден кийинки эле көп санды түзгөн этникалык топ. Ар кандай эсептөөлөр боюнча Иран калкынын 15тен 40 пайызга чейинкисин түзөт. Алар азербайжан жана перс тилдеринде сүйлөшөт.  Алардын көбү Батыш жана Чыгыш Азербайжанда, Зенжан, Казвин, Хамадан, Ардебиль, Маркази провинцияларында жашашат. Бул этникалык топтун көпчүлүк өкүлдөрү Тегеранга көчүп барышат. Азербайжан этносу өз ичинен көптөгөн майда топторго бөлүнөт. Алар: шахсевен, карапапах, байат, кажар, афшар жана карадагцылар.

Күрттөр

Күрттөр саны боюнча азербайжандыктардан кийинки эле турган этникалык азчылык. Алардын саны болжол менен 5-7 миллион адамды түзөт. Алар жашаган негизги аймак Иран, Ирак жана Түркиянын ортосунда бөлүнгөн. Ирандагы күрттөрдүн басымдуу бөлүгү Күрдистан, Батыш Азербайжан, Керманшах, Илам, ошондой эле Хамадан жана Зенжандын кээ бир райондорунда жашашат. Мындан тышкары, Түндүк Хорасанда да бар. Аббас I шахтын тушунда согушчан күрттөр аймактарды түркмөндөрдөн коргоо үчүн бул провинцияга жөнөтүлгөн. Ирандык күрттөр күрт тилинде сүйлөшөт. Бирок, баары эле жөнөкөй эмес. Тил, өз кезегинде, кайсы бир учурда бири-биринен абдан айырмаланган көп диалектилерге бөлүнөт. Күрттөрдүн көбү суннилер. Бирок Керманшахтын түштүгүнөн шииттерди да кездештирүүгө болот.

 Ирандын түндүк элдери

Каспий деңизинин жээгин бойлой талыш, гилян жана мазендерандыктар жашашат. Талыштар Гилян жана Ардебиль провинцияларында жашашат. Алар иран тилдеринин түндүк-батыш тобуна таандык талыш тилинде сүйлөшөт. Талыштар өздөрүн байыркы каспий уруусу “кадусии” менен байланыштырышат. Алардын саны тууралуу так маалымат жок, бирок айрым эсептөөлөр боюнча Иранда болжол менен 800 000и жашашат. Гилян - Гилян провинциясынын негизги калкын түзгөн кадусии уруусунун тукуму болуп саналат. Алардын саны болжол менен 2-3 миллион адамды түзөт. Алар мазендеран тилине окшошуп кеткен жана перс тилинен дээрлик айырмаланып турган гилян диалектисинде сүйлөшөт. Гиляндар Ирандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Анткени бүт өлкөнү айыл чарба азыктары менен камсыздап турат. Алар тоонун боорунда күрүч, буудай, чай, тамеки жана цитрус жемиштерин өстүрүшөт. Жээк бойлогон аймактарда жашагандар  балык уулоо менен алектенишет. Мазендерандыктар - Мазендеран провинциясынын аймагында  жашаган эл. Байыркы убактарда, провинциянын аты "Tабаристан" болгон. Ошондуктан калк дагы бир “табари” деген аталышы бар. Иранда алардын саны болжол менен 3-4 миллион адамды түзөт. Болжолдуу түрдө бул элдин ата-бабалары Кавказдан көчүп барган. Айыл чарба, балык уулоо жана мал чарбачылык менен алектенишет.

Түркмөндөр

Түрмөнстандан тышкары, Иранда түркмөндөрдүн ири тобу жашашат. Алар негизинен Ирандын түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүндө; Голестан, Түндүк Хорасан жана Хорасан-Резави провинцияларында жашашат. Түркмөндөр узак убакыт бою көчмөн жана жарым көчмөн уруулардын бир тобу болгон. Айрым эсептөөлөр боюнча, Иранда 2-3 миллион түркмөн калкы бар. Азыркы учурда түркмөн этникалык тобу перстерге ассимиляцияланып кеткен, айрыкча Горган жана Гонбад-е Габус шаарларында.

 

Белужи

Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан-Белужистан провинциясында жашаган көчмөн жана жарым көчмөн эл болуп саналат. Айрым топтору Хорасан жана Керман провинцияларында  отурукташкан. Белужи тили байыркы парфян жана каспий иран тилдерине окшошуп кетет. Алардын ата-бабалары алгач түндүктө жашаган жана кийин болжолдуу VII–VIII  кылымдарда түштүк-чыгышка көчүп барган. Этнос тууралуу биринчи эскертүүлөр “Худуд ал-алам” тарыхый-географиялык чыгармасында пайда болгон. Ал эми “Шахнаме” чыгармасында Фирдоуси аларды “чөлдөгү талоончулар” деп атаган. Иранда белужилердин 2 миллиондон ашпаган өкүлү жашайт. Алар көчмөн мал чарбачылык  жана дыйканчылык менен алектенишет. “Белужи” деген сөздүн келип чыгышы белгисиз.

 Лур жана Бахтиар

Лур жана Бахтиар - Ирандын түштүк-батыш бөлүгүндө: Лурестан, Илам, Чехармехал, Бахтиари, Кохгилуй жана Бойерахмед, Фарс, Хузестан жана Исфаханда жашаган көчмөн жана жарым көчмөн элдер болуп саналат. Көп эмес сандагы бахтиарлар Тегеран, Кум жана Хорасанда да жашашат. Лурлардын саны 5 миллион адамды, бахтиарлардын саны 1 миллион адамды түзөт. Лурлар перс жана күрт тилдерине окшоп кеткен лур тилинде суйлөшөт. Ал эми бахтиарлар – бахтиар диалектисинде сүйлөшөт. Бахтиарлар – Ирандагы байыркы элдердин бири болуп саналат. Алар өздөрүн  ырайымсыз Заххак падышасынын башкаруусуна чекит койгон “Шахнаме” эпосунун баатыры Фаридундун урпактары деп эсептешет. Элдин экинчи аты “лур-е бозорг” деп аталат. Бахтиарлар түндүктө жашагандарды “чахарланг” жана түштүктө жашагандарды “хафтланг” деп бөлүшөт. Алар мал чарбачылык жана мергенчилик менен алектенишет.

Арабдар

Арабдар калктын 2 гана пайызын түзөт. Бул элдин Иран аймагына келиши XIV-XIX кылымга таандык. Негизинен араб этносу Перс булуңунун жээгинде, Фарс жана Хузестан провинцияларында жашайт. Хузестандын жашоочулары өздөрүнүн маданий жана тилдик окшоштуктарын сактап калууга аракет кылышкан. Алар араб жана перс тилинде сүйлөшөт.

 

 

Кашкайлар

Кашкайлар - түрк элдеринин өкүлдөрү. Алар Фарс, Хузестан, Исфахан, Кохгилуйе жана Бойерахмед, Чехармехал жана Бахтиария провинцияларында жашашат. Саны 2 миллион адамды түзөт. Кашкайлар өздөрүнүн ата-бабалары Хулагу Хандын күчтөрү менен бирге Түркмөнстандан Иранга келген деп эсептешет. Бирок, сыягы, алар XI кылымда ар кайсы уруулардын көчүрүү учурунда Иранга келип калышкан. Кашкайлар негизинен көчмөнчүлүк менен алектенишет. Негизги байлыгы – алардын малы болуп саналат. Кашкай килемдери бүт өлкөдө белгилүү. Мындан тышкары, Иранда армян, грузин, ассирий, жүүт ж.б улуттардын өкүлдөрү жашашат.

Теги: