150 Категория: Культура - Published: 20/08 - 10:58

Ирандык режиссер Асгар Фархадинин “Элли жөнүндө” жана “Надер менен Симиндин ажырашуусу” аттуу эки тасмасы кино тарыхындагы эң мыкты англис тилиндеги эмес 100 тасманын катарына кирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “IRNA” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Питтсбург университетинин кино жана саясат тармагына басым жасаган критикалык жана маданий изилдөөлөр боюнча докторлук даражасын алган Молли Пенннингтон “Stacker” журналы тарабынан чогултулган эл аралык тасмалар жөнүндө маалыматтардан дүйнөдөгү эң мыкты тасмалардын тизмесин түзгөн.

Бул тизмеге тасмалардын режиссерлору америкалык эмес жана тасмалардын оригинал тили англис тилинде эмес тасмалар кирди. Асгар Фархадинин “Элли жөнүндө” тасмасы 2009-жылы тартылган. Бул тасма 59-Берлин эл аралык кинофестивалында мыкты режиссер наамында “Алтын аю” сыйлыгын алган.

Ошондой эле 27-Фажр кинофестивалында 10 сыйлыкка талапкер болгон. Мындан тышкары, 82-жолку “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземинде мыкты чет элдик тамалар категориясына кирген. “Надер менен Симиндин ажырашуусу” тасмасы 2012-жылы “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле 61-Берлин эл аралык кинофестивалында мыкты тасма аталып, “Алтын аю” сыйлыгын жана мыкты эркектин ролу жана мыкты аялдын ролу үчүн “Күмүш аю” сыйлыгын алган.

Теги: