• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
389 Категория: Культура - Published: 25/11 - 15:22

БИШКЕК, 25-ноябрь. — Eurasia Today. Түндүк Кореянын жашоочусу Netflix компаниясынын Түштүк кореялык "Кальмар оюну" сериалынын көчүрмөлөрүн республикага аткезчилик жол менен алып кирип, таратканы үчүн өлүм жазасына кесилди.

Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, Хамгён-Пукто провинциясынын тургуну Кытайдан мекенине кайтканда өзү менен кошо "Кальмар оюну" сериалынын копиясы камтылган USB-флешканы алып келип, жарандарга таратып, укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.

Натыйжада республикага флшканы алып келген адам өлүм жазасына тартылат. Ал эми сериалдын копиясын сатып алган өспүрүм өмүр бою эркинен ажыратылса, калган алты окуучу сериалды көргөнү үчүн 5 жылга оор жумушка кесилген.

Учурда билим берүү мекемесинде тинтүү иштери жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, мектептин директору, жаштар иштери боюнча катчы жана класс жетекчиси иштен алынган. Алар жаза катары көмүр шахталарына жиберилиши мүмкүн.

Түндүк Кореяда ушул жылдын башынан бери өлкөгө Батыш жана Түштүк Кореядан тасмаларды, шоуларды жана сериалдарды алып кирүүгө катуу тыюу салынган. Тиешелүү мыйзамда мындай материалдарды көрүү, сактоо же таратуу үчүн өлүм жазасы сыяктуу эң катаал жаза каралган.

Түштүк кореялык "Кальмар оюну" сериалы 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде азыр 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
0.00
EUR
96.00
-0.12
KZT
0.20
+0.21
RUB
1.10
-0.88
TJS
7.50
-0.02
TMT
24.22
-0.02
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+4°C Тегеран
-15°C Москва
-11°C Нур-Султан
+5°C Бишкек
+2°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+7°C Ташкент

Соцсети