• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
303 Категория: Культура - Published: 18/11 - 16:48

БИШКЕК, 18-ноябрь. — Eurasia Today. 20-ноябрда Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Тарых музейи 2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоого 15 млн доллар каржыланган.

Бирок оңдоп түзөө иштеринде миллиондогон акчалар желди делип, кылмыш иши ачылып, музей ушул күнгө чейин ачылбай турган.  

Бул чуулгандуу окуядан улам УКМУ иликтөө жүргүзүп, Башкы прокуратура музейдин имаратын оңдоодо жана жабдууларды сатып алууда бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
87.58
0.00
EUR
94.27
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.06
0.00
TJS
8.03
+0.01
TMT
25.03
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+28°C Тегеран
+12°C Москва
+19°C Астана
+26°C Бишкек
+24°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+30°C Ташкент

Соцсети