• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
95 Категория: Культура - Published: 18/11 - 10:51

БИШКЕК, 17-ноябрь. — Eurasia Today. Өзбекстандын Хива шаарындагы “Ичан кала” музейинин көргөзмөсү Ош шаарында ачылып, шаардыктарга кеңири маалыматтарды беришти.

Хивадагы бул музейдин аянты 26 гектарды түзүп, Борбор Азиядагы ири музейлердин катарын толуктайт.

Кыргызстан менен Өзбекстандын музейлери арасындагы бир канча убактан бери өз ара кызматташуу алакасы жүрүп келген. Анын алкагында музей кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында бири-бирине келишип, атайын иш-чараларды өткөрүп турушкан.

Аталган музейдин кызматкерлери Ош шаарына келишип, Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-музей комплексин көрүп кетишти. Музейдин директору Султан Абдрахманов эки өлкөнүн музей кызматкерлеринин кызматташуусу эки жылдан бери уланып келгенин айтып, мунун натыйжасы жакшы жыйынтык берет деп ишенерин белгиледи.

Мындай иш-чаралардын максаты - элдерди өтмүш менен тааныштыруу болуп саналат. Аны менен катар жарандарды музейлерге чакыруу менен турист тартуу максатталган.

Ушундай эле иш-чара менен Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери беш ай башта Хива шаарына барып келишкен. Анда биздикилер да атайын көргөзмө уюштуруп, жергиликтүү тургундарга Ош шаары, Сулайман-Тоосу тууралуу кенен маалыматтарды берип келишкен. Мындай өз ара кызматташуу аркылуу элдердин маданий алакасы артып, туристтердин келүүсүнө дагы шарт түзүлөрүн белгилешет.

Теги:

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
83.00
+0.01
EUR
84.51
-0.41
KZT
0.17
+0.29
RUB
1.35
-0.19
TJS
8.09
-0.16
TMT
23.71
-0.21
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+35°C Тегеран
+23°C Москва
+18°C Нур-Султан
+24°C Бишкек
+23°C Алматы
+30°C Дүйшөмбү
+32°C Ашхабад
+28°C Ташкент

Соцсети